Түркияда жашаган кыргызстандык жарандарды алып кетүүгө түрк өкмөтү уруксат берди.

Бул тууралуу «Замандаш» партиясынын Төрагасы Жеңиш Молдакматов билдирди. Анын айтымында, жарандар Стамбулдан учушат. Анкарадан Стамбулга чейин автобус берүүгө түрк бийлиги уруксат берген.

“Учурда консулдук менен элчилик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Эми өкмөттөн гана жооп күтүп жатабыз.  Алар Казакстан менен сүйлөшүп аба каттамды ачтырыш керек. Себеби чек ара ошолор аркылуу өтөт. Эгер алар аба каттамды ачып беришсе, бүгүн кечинде Кыргызстанга келип калышат. Анан албетте тиешелүү текшерүүдөн өтүшөт”-деди ал.