Дүйнө жүзүндө коронавирустан айыккандардын саны жарым миллиондон ашты.

Worldometersтин маалыматына караганда, коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 2 млн.дон ашса, каза болгондор 140 миңге чукулдады.

Ооруну жуктургандар эң көп АКШда 644 миң, андан кийин Испанияда 180 миң, Италияда 165 миң, Францияда 147 миң, Германияда 134 миң оору катталган.


Кыргызстанда бул ооруну жуктуруп алгандардын саны 500гө чукулдады. Жалпы беш адам каза тапты.