Чет элдик маалымат булактардын маалыматы боюнча, Америкадагы Синай Грейс ооруканасынын медицина кызматкерлери журналист Маршал Коэн аркылуу мекемедеги коркунучтуу  сүрөттөрдү коомчулукка көрсөтүштү. Ал сүрөттөрдөн маркум жарандардын жансыз денелери уктоочу бөлмөлөрдө, бош бөлмөлөрдүн полдорунда турганын көрсө болот.

«Коронавирустан улам каза болгон адамдардын сөөктөрү өлүкканаларга батпай калгандыктан дарыгерлер маркумдардын сөөктөрүн бош бөлмөлөргө уктоочу жайларга коюп турууга аргасыз болушкан». Бул абалды кийинчерээк Брайан Тейлор, өлүктөр муздаткычка салынганын айтты.

Учурда  акыркы  маалыматка ылайык, 637 миң 716 бейтап оору жуктурган. Алардын 52 миң 619 жараны айыкса, 30 миң 826 киши каза болгондор.