Мен эми оюмду чогултуп Сиздер менен ой бөлүшкүм келди. Бул ойлордун кээ бирлерин Агайым Исак Бекбоевичке айткамын, кээ бирөөсү айтылбай калган чыгаар.


Эгер мен азыр Исак Бекбоевич менен үйүндө сүйлөшкөн учурда мен буларды бекем бетинен кучактап, эркелеп минтип айтаар элем: Алтындан артык агайым, атама окшош адамым мен Сизге жакшы сөздөр аз болгонсуп, жок болгонсуп эмне дээримди билбей жатам! Бирок, айтып көрөйүнчү угуп койсонуз!

Э. Анда Агайы минтип айтмак: «И айт эмнени айтасын?» Мен Сиз менен 1993-жылы КирНИИПке келгенде жумушка алганда менден экзамендик суроо менен алгансыз. Мен жакында документтеримди карап отуруп, мен КМУдан 1984-жылы алган дипломумда дагы «Ректор» деген жерде Сиздин колунуз турат. Демек, менин жашоомдун да дипломун Сиз бергенсиз, андан кийинки жашоомдун урунтуу учурларын бир гана Сиздин батаныз менен болгон! Мен Сиздин секретарыныз болуп иштегенден баштап, бүгүнкү күнгө чейинки жашоом Сиздин катышуунусуз, батаңысыз, кеншетеринизсиз, сунуштарыңысыз болгон эмес, болгонго да мүмкүн эмес эле.

Башка коллегаларыныз, аспирант, докторанттарыңыз, мамлекеттик, коомдук ишмерлер менден да бийик, менден да кооз, менден да инсандык, адистик сапаттарынызды сонун кылып айтышып жүрүшөт жана айтышат, дагы айтышат.

А мен болсо Сизди кудайдан кийинки атам менен тен көрөм. Кээде «Ата» деп айткым келет, бирок ага тен боло аламбы деген ой келет. Анткени, Сизди «Ата» деп айтыш үчүн Сиздин сапаттарыңызга окшош, эмгекчилдигиниздин, адамгерчилигиңиздин анча-мынча үлүшү дал келип, жок дегенде кебетемди да Сизге окшоштуруш мүмкүн эмес да.

Ошондой болсо да мен Сизди Ата деп айтам! Сизге өмүр бою ыраазымын жана ыраазымын! Бирок, бүгүн бул сөздү айта албайм! Сиз анткени, кудайдын берген актыгын моюнга алып, моюн сундуңуз! Барган жагыңыз байсалдуу болсун!

Кудайым Сизге бейишин берсин! Сиздин баскан-турганыңыз, жылмайган жылмаюунуз, тамашаңыз, юмор менен караган көз карашыныз, берген кеп-кенештериниз кудайым буюрса өмүрүмдүн аягына чейин сакталат!

Кош болунуз Агайым!

Жакшы барыңыз!

Жердин асты карангы да, карангыдан коркпой жатыңыз!


2-бөлүм


Ардактуу менин жашоомдун ардактуу адамы!

Бүгүнкү таң мен үчүн жашоомдогу кайгылуу күн болуп эс тутумумда сакталып калат. Анткени, эртен менен эч нерседен кабарым жок, көр жашоонун ыргагы менен күндөгүдөй эле үй оокаат менен алек болуп жаткан учурда Сайра эжемдин телефонуна көп деле тан калбай биринчи, экинчи чалганда он-лайн сабак отуп жатканыма байланыштуу убагында жооп бере албай калдым. Биз телефон менен бат-бат бир жумада бир жолу сүйлөшуп турганыбызга байланыштуу этибар алганым жок.

Бирок, эмнегедир катарынан эки жолу чалды деген ой менен Сайра эжеме чалсам «Эмнеге телефонду албай жатасың, Агайың кетти кетчү жагына дегенде» мен Кайда деген суроону дароо сурадым. Билбейм эмнегедир бул суроону бердим деп азыр ойлоп жатам. Эже дароо эле «Айрылдык» деди. Мен чочуп кетип эле «Эми эмне болот?» деген суроону кайра сурадым. Анан эже айтты «эртен коебуз» деди.

Мен 5 секунддай эндирей түшүп, отуруп калдым. Ыйладым. Ызаландым. Эмнеге? мындай дедим. Кайра өзүмдү сооротуп, Агайымдын акыркы жолу ооруканада жаткандагы сөзү оюума келди. Анткени, адаттагыдай эле ыйлаак жаным аларды көрүп эреркип, эркелеп кээде ыйлап калчу элем. «Эмне ыйлайсын? Мен өлгөн жокмун да» — деди. Мен билбейм өзүм дагы дедим. «Мен баарыңарды кыйнадым го» деди. Ангыча агайдын Эмиль деген кичүү баласы келип калды. «Шеф кандайсын? деди. «Болушунча болуп жатат» деди. Отурдук, сүйлөштүк. Мен эшиктеги болуп жаткан жаңылыктардын баарын алымдын келишинче төгүп-чачпай айтып бүткөндөн кийин «Ии» деп туруп «Өзүн кандайсың деги, балдар кандай? Өзүндү кара, кара жаныңды кар жерге чаппай. тердеп-кургап эле чуркабай, ооруп калсан өзүн эле кыйналасын » деп калаар эле. Атамдай болгон Агайым! Эми кимге эмнени, качан, кимге айтам. Менин жашоомдо ата-энемден кийин Сиздей угуучум болгон эмес!

Эл мугалими Исак Бекбоевди эскерүү Калыйман Жунушалиеванын фейсбуктагы баракчасынан алынды.