Нью-Йорк шаарынын көчөлөрүндө миңдеген келемиштер пайда болгон жана алардын тамак издеп жер төлөлөрдөн чыгышкандыгы тууралуу айтылууда. 

Чынында эле келемиштердин мындай агымы коомдук тамактануучу мекемелердин жабылышы жана таштанды салынуучу контейнерлердин бошоп калуусу менен байланыштуу болгон. Күбөлөрдүн айтуусу боюнча келемиштер ачык аянттарда чуркап жүрүшкөн, ал тургай алар бири-бирин жеп жаткан учурлар дагы болгон.

Биолог Роберт Корригана  бул көрүнүштү коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам болуп жаткан келемиштер арасындагы  «жарандык согуш» деп сыпаттаган.

Нью-Йорк келемиштер чогулган жалгыз жер эмес. Буга чейин мына ушундай көп өлчөмдөгү келемиштер Жаңы Орлеан жана Бангкок көчөлөрүндө дагы байкалган.