Өзгөчө абал киргизилгенден бери өлкө боюнча никени каттатууга арыздарды кабыл алуу токтотулган. Бирок март айына чейин үйлөнүү ниетин билдиргендердин никеси катталды

Кыргызстандагы Жарандык никени каттоо бөлүмдөрү (ЗАГС) өзгөчө абал киргизилгенден бери 328 түгөйдүн никесин каттады. Алардын жетөө Бишкек шаарында болду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, коронавирус коркунучунан улам никесин каттаткандан баш тарткан түгөйлөр дагы болду.

Булак: Спутник сайты