Британияда 106 жаштагы Конни Титчен сакайып чыкты. Конни өлкөдөгү эң кары бейтап болуп калды. Ал үч жума бою вирус менен алышкан. «Менин жолум болду, вирусту жеңип чыктым, эми батыраак үй-бүлөмдү көрүүгө шашып жатам» — дейт Титчен.

Март айынын орто ченинде Конни пневмония оорусуна шектелип жаткырылган. Бирок ал коронавирус менен жабыркаганы анык болгон. Карыянын небереси Алекс Джондун айтымында Титчен дайыма дене тарбия көнүгүүлөрү менен машыгып турат. Балким анын узак өмүр сүрүүнүн сыры ушунда болсо керек деп билдирген небереси.