Айрым айдоочулар карантин кирген аймактарда эреже бузуп, бейтаптарды ооруканага алып барам же пенсионерлерге азык-түлүк жеткирем деген шылтоо менен жеке иштерин бүтүрүп жүрүүдө. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Республикалык штаб өзгөчө абал режими киргизилген аймактардагы карантиндик-санитардык посттордон талап кылынчу документтерди да атады. Алар:
- Паспорт;
2. Иштеген, жашаган жеринен маалымкат;
3. Маршруттук баракча;
4. Айдоочунун күбөлүгү;
5. Унаа документтери;
6. Атайын өткөрмө кагазы.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 466га жетип, анын 91и айыгып чыкты. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапкан.