Казакстандын Караганда облусунда аэродромго аскердик учак кулап түшкөнүн «Tengrinews.kz.» басылмасы бүгүн 16-апрелде жарыялады. Бул маалыматты өлкөнүн Коргоо министрлиги да тастыктаган.

Расмий маалыматка ылайык, учак менен Караганда шаарына жакын аймакта аскердик нөөмөткө даярдык көрүп жатышкан. «МиГ-31» учагы Казакстандын аскердик-аба күчтөрүнө тиешелүү.

Учак учкандан кийин кыймылдаткычтардын биринен өрт чыккан. Учкучтар аман. Тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн комиссия да түзүлдү.

Булак: Баракелде сайты

Видео «Tengrinews.kz.» басылмасына тиешелүү