АКШ штаттарында COVID-19 боюнча чектөөлөр алынып салынат

АКШнын айрым бир штаттары коронавирустан улам киргизилген чектөөлөрдү жума күндөн, башкача айтканда 17-апрелден тартып токтото баштайт – деди президент Дональд Трамп пресс-конференцияда.

Буга чейин Трамп АКШда карантинди акырындык менен алып баштоо планын сунуштаган. Анын айтуусу боюнча чектөөлөр ар бир штатта өз-өзүнчө алынууга тийиш.

“Эгерде сиздер абалы жакшы (COVID-19 боюнча кырдаалы алда канча дурус) штаттар тууралуу айтып жаткан болсоңуздар, ооба алар чектөөлөрдү эртең эле алып салуулары керек” – деди Трамп кечээ 16-апрелде өткөн пресс-конференцияда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.