Бул тууралуу фейсбук колдонуучу Мурат Эгембердиев жазып чыкты.

Анда айтылган маалыматка караганда, Америкадагы көз карандысыз www.gofundme.com фондуна кызынын өтүнүчү менен Минавар Комилова аттуу дарыгер кайрылуу жасаган.

Аталган фонддон Лейлек жергесиндеги кесиптештери үчүн суранган жардамы келген.

“Келген гумжардамга Америкадагы лейлектик да жердештерибиз салым кошкон, атын атабай эле коёюн”, — деп билдирүү калтырган автор.

Мындан улам окурман журту атын атагысы келген демөөрчү мындан эки жыл мурда из жашырып кеткен Аскар Шадиев эмеспи деген суроо салды.