Москвадагы Чоң театрда адам өлүмү катталды. Бул тууралуу РЕН ТВ каналы билдирүү таратты. Маалыматка ылайык театрда декарация орноткон техникалык эки адис ошол күнү нөөмөттө калышкан. Алардын ортосунда пикир келишпестик орун алып, бири экинчисин бычактап өлтүргөн. Окуя орун алган Плеханов көчөсүндө, бычактан жараат алган жаран, кандын көп кетишинен улам көз жумган. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, шектүү жаран кармалган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.