Республикалык штабдын алдындагы help.covid.kg сайтында коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке канча каражат түшкөнү, канча каражат сурпталганы тууралуу маалымат жарыяланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 128 миллион 770,6 миң сом келип түшкөн. Анын ичинен медицина кызматкерлерине кошумча эмгек акы төлөө үчүн 7 миллион 735,5 миң сом бөлүнгөн. Калганы эсепте сакталуу бойдон турат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине 14 миллион 715,7 миң сом которулган. Бүгүнкү күндө анын 13 миллион 380 миң сому сарпталды. Бул каражат муктаж адамдарга азык-түлүк алуу үчүн Ош, Бишкек, Жалал-Абад, Нарын шаарларынын мэрияларына, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнө жана Ноокат райондук акимчилигине берилген.

Бишкек шаарынын мэриясынын эсебине 3 миллион 212,5 миң сом чогулган. Учурда анын 2,520,8 миң сому коротулган.

Ар бир жаран каражаттар тууралуу маалымат менен Республикалык штабдын алдындагы help.covid.kg сайтынан таанышса болот.