Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 74 жаран жеткирилип, 10 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 59

Жалал-Абад шаары боюнча – 4,

Ош шаары боюнча – 2,

Нарын шаары боюнча – 6,

Кара-Суу району боюнча – 2,

Сузак району боюнча –1.

Ал эми, Ноокат жана Ат-башы райондорунда тартип бузуулар катталган жок. Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2705 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы