17-апрелге карата өлкө аймагындагы өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын
бөлүмдөрүнө 74 жаран жеткирилип, 10 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Алардын ичинен:
Бишкек шаары боюнча – 59
Жалал-Абад шаары боюнча – 4,
Ош шаары боюнча-2,
Нарын шаары боюнча-6,
Кара-Суу району боюнча -2,
Сузак району боюнча -1.

Ал эми, Ноокат жана Ат-башы райондорунда тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2705 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.