Бүгүнкү күнү, чет мамлекеттерде 4 371 журтташыбыз келе албай жатышат. Орусиядан 2 716 жаран, мекенине кайтууну көздөшүүдө. Москвада – 94, Новосибирскиде  – 143 журтташтарыбыз рейсин күтүп, убактылуу жатаканаларга жайгаштырылган. Убактылуу хостелде жайгаштырылган мекендештерибизге Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова азык-түлүк жөнөтүп, байма-бай кабар алып тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу, Кубанычбек Осмонбеков аттуу фейсбук колдонуучу, баракчасына жазган. Тексти өзгөртүүсүз беребиз:
«Биздин кайрымдуулук акциябызды колдоп жана улантып жаткан Жогорку Кенештин Депутаты Жылдыз Мусабековага, мигрант тагдырын тушунуп колдоо коргозуп жатканына чон рахмат! Аманатты жеткизген Кубаныч иниме рахмат! Алла ыраазы болсун сиздерге #биргекучтуубуз