Таажылуу вирустун катталгандыгына байланыштуу, Кемин районунда Самансур, Кызыл-Суу, Кызыл Октябрь айылдары карантинге алынган. Ушул күндөрү, жеке ишкер Мырза Капаров, 207 үй-бүлөгө ылайыктуу азык-түлүк топтомдорун алып берди. Анын, 157си Самансур айлына түтүнмө-түтүн таратылса, 50 топтом, ишкердин кичи мекени Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Көк-Ойрок айылындагы муктаждарга берилди.

Кемин райондук мамлекеттик администрациясы Мырза Капаровго ыраазычылык билдирип, кемин элине жардам беребиз деген элдик атуулдар менен кызматташууга даярдыгын билдирет.

Мындан тышкары, Кызыл-Суу айылынын тургундарына, райондун атайын эсебинен, азык-түлүк таратылган. Ал эми, Ак-түз айылындагы 175 үй бүлө  «Ти-Майнинг» ишканасынын колдоосунда азык-түлүк менен камсыздалган.

Райондун расмий баракчасында, «Алтынкен» ишканасына, «Исмалил Матраимов» фондуна, «Патриот ынтымагы» партиясына, Кызыл жарым ай коомуна, Чоң кемин фермерлерине, «Ас-Сафа » коомдук бирикмесине ыраазычылык билдирилген.