Без рубрики

Эл аралык соода уюму Путиндин сунушуна баа берди

Россия президенти Вламир Путиндин социалдык жеңилдиктерди кеңейтүү тууралуу сунушу коронавирус пандемиясынан улам жабыркаган калктын кирешесин колдоону камсыздайт. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун эксперти Эрнест Эккехард билдирген.

«Өкмөттөрдүн  жумушчулар менен ишкерлерге колдоо көрсөтүүсү өтө зарыл. Ишин жоготуп жаткандарга колдоо көрсөтүү, ооруп калгандарга бейтап баракчасы боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү, ишканаларга кредит берүү негизги маселе болуп саналат. Мындайда күч алып жаткан кризистин ылдамдыгы  эске алынып, бюрократиялык жосундарга бөгөт коюу зарыл. Башкача айтканда, ишканалар менен жумушчулар кирешелериндеги кыска мөөнөттүү төмөндөөлөрдүн ордун толуктоо учурларында кандайдыр бир тоскоолдуктарга кириптер болбошу керек» — дейт ал. 

Белгилей кетсек, Россия президенти В. Путин пандемияга байланыштуу жабыркашкан мамлекеттерге дагы кичи жана орто бизне боюнча кайтарымсыз финансылык жардам берүүнү сунуштаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button