Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору  Рита Карасартова билим берүү мекемелеринин жатаканаларында обсервацияда жаткандардан улам имаратты жылытуу сыяктуу чарбалык иштерди жасаган, бат-бат дезинфекция кылган кызматкерлерге бул илдет жугуп калбайбы деп кооптонууда.

 “Дарыгерлер жуктуруп алышты дегенди уккандан кийин, тымызын — өз кесиптештериме сарсанаамын. Бет кап, комбинезон тиккенди айтпай эле коеюн, биздикилер дагы ошол жерде кызматын өтөп жүргөндөргө — тамагын уюштуруп бергендер бар. Буну эмнеге жазып атам, мен айтпасам — эч ким бул жөнүндө жазбайт, регионалдык штабдагылар, биздин кызматкерлер менен дагы коргоочу медициналык каражаттар менен бөлүшүп койгулачы”, деген өтүнүчүн келтирген.