Өткөн суткада республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды.

Алардын ичинен эң көбү Бишкек шаарында катталды. Жалпы 14 адамдан тастыкталган.

Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 2, Ош облусунда – 4 жана Ош шаарында — 2.

Алардын ичинен 15и аял болсо, калганы 8и эркектер.

Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус оорусун жуктуруп алгандардын саны 489га жетти.