Бир сутка ичинде 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдиргендей, ушуну менен оору жуктуруп алган ак халатчандардын жалпы саны 116 болду.

Министрдин орун басары медицина кызматкерлери оорулууну дарылап жатканда коргонуучу шарты начар болуп калган деп билдирди. Андан сырткары медиктердин бири-бирине жугуп калган учурлары да бар.