Бүгүн, 17-апрелде, түштөн кийин Бишкекке Стамбулдан 212 жүргүнчүсү менен учак учуп келет.

Республикалык ыкчам штабдан билдиргендей, алардын баары “Ак кеме” мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат.

Кыргыз өкмөтү чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча ишин улантат. Кечээ Орусиядагы 2 миңдей мигранттарды алып келүү үчүн автобус жиберилгени маалымдалган.