АКШ чалгындоо кызматы коронавирус кытайлык Ухань шаарында пайда болгон деген имиш-имиштердин чын-төгүнүн тактоо үстүндө иш алып барат. Бул тууралуу Washington Examiner саясий журналы билдирген.

Штаб начальниктеринин бириккен комитетинин төрагасы Марк Милли аскердик чалгындоо кызматы бул маселени иликтеп жаткандыгын тастыктады. Анын айтуусу боюнча буга чейинки  далилдер азырынча вирус табигый жол менен пайда болгондугун көрсөтүүдө.

Ошол эле учурда айрым бир жогорку даражадагы аткаминерлер генерал менен макул эмес. Алардын оюу боюнча вирустун лаборатордук түрдө келип чыгуусу чындыкка алда канча жакын.

 Өз кезегинде журналист Джош Роджин кытай тарап лабораториялык далилдер менен байланышкан бардык далилдерди жашырып жаткандыгын билдирген.

Коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам Ухань шаардык Вирусология институтунун лабораториясында иштеген деген версия буга чейин Fox News маалымат каналында айтылган. Ушундай эле версияны британиялык  Daily Mail ар апталык гезит да басып чыккан. Өз кезегинде Кытай коронавирус лабораторияда даярдалган деген бардык божомолдорду четке кагып келет.