Буга чейин адам баласы имарат курууда болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, ракушка, кулпунай, саат түрүндө үйлөрдү куруп келген. Ал эми 21-кылымда архитектор, дизайнерлер жаңы тренд — табият койнунда, табигый курулуш материалдар менен үй курушту. Өзгөчө суу астында, бак-дарактар арасында.

Ал эми өмүр бою жер астындагы пайдалуу заттарды казып иштеген Фил Хоутон жардыруунун жардамы менен аскага үй курган. Аскада жайгашкан үйгө күн нурларынан кубат алган батериялар жарытып турат.

Таштан жасалган конок бөлмөдө диван, пианино, китеп коюлган шкаф, дубалдын ордуна терезелер орун алган. Ошондой эле ар кандай өзгөчө жагдайлар үчүн алдын ала коопсуздук чаралары көрүлгөн.