Москвадан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан жерге, ойлору төп келген үч жаран атайын карышкырлар башпаанек ачышкан.

Учурда ал жерде 11 карышкыр жана башка жаныбарлар бар. Бул жердеги карышкырлардын көпчүлүгү ок тийип жараат алгандар, же кичинекей кезинде үйдө багылып чоңойгондо бизге келгендер — дейт Светлана.

Бул жердеги карышкырларды кармап туруу оңой эмес. Аларга ай сайын тонна эт керектелет, мындан сырткары өздөрү ушул жерден табигый жол менен тамактанып, кээде тиштерин тазалоо үчүн тамырларды кемиришет, жер жемиштерди жешет. Карышкыр кайтарган команда келечекте бул жерди чоңойтуу максатыбыз бар.

Айрымдар эмне үчүн буларды токойго коюп жибербейсиңер деп сурашат. Булар жаратылышка кое берсек өз алдынча жашап кете албайт, өлүп калышат, буларды акырындан жаратылышка көндүрүү керек — дейт башпаанек уюштуруучулардын бири Анастасия.