Акматбек Келдибеков атайын эсепке 1 млн. сом которду

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышын спикери, коомдук жана саясый ишмер, “Ата Журт”мекенчил партиясынын тең төрагасы Акматбек Келдибеков “Коронавируска каршы күрөшүү боюнча” – Саламаттыкты сактоо Министрлигинин алдында республикалык атайын ачылган эсепке 1 млн. сом которду.

Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 128 миллион 770,6 миң сом келип түшкөн. Анын ичинен медицина кызматкерлерине кошумча эмгек акы төлөө үчүн 7 миллион 735,5 миң сом бөлүнгөн. Калганы эсепте сакталуу бойдон турат.