Австралия Ички иштер министри Питер Даттон Кытай бийлигин жаңы коронавирустун келип чыгуусу тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга чакырды. Бул тууралуу News 9 телеканалы билдирген.

Питер Даттон учурда коронавирус 60 адамдын өмүрүналып кеткендигин жана жүздөгөн адамдардын абалы оор экендигин айтып: «Менин оюмча, биз Кытайдан көп деле нерсе талап кылып жаткан жокпуз. Эгерде вирустун эпицентри Австралия болуп калганда, бизге деле мына ушундай талаптар коюлмак» — деген пикирин айткан.

«Ошол себептүү, Кытай бүгүн мына ушул өңүттөгү суроолорго жооп берип, чынында эмне болуп кеткенин адамдар так түшүнө тургандай маалыматтарды берүүсү керек. Албетте, биз бул кырсыктын кайдаран кайталанышын каалабайбыз. Бул өңдүү жапайы жаныбарлардын этин саткан базалардан вирус чыгып кеткен учурлар буга чейин дагы болуп келген. Демек, бүгүн буга чекит койбосок, келечекте ал кайсы бир базардан чыгып кетпейт деп эч ким кепилдик бербейт” — деп кошумчалаган Даттон.