Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмирлигинин авиациялык бийлиги менен биргеликте кыргызстандык жарандарды алып кетүү үчүн 2020-жылдын 26-апрелинде “Дубай-Бишкек” каттамы боюнча чартердик рейс уюштуруу маселесин иштеп жатат.

Республкалык ыкчам штаб билдиргендей, бул маселе чет өлкөлөрдөн мекендештерибизди кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында КР Президентинин тапшырмасынын негизинде чечилүүдө.

Ошондой эле КР жарандарын БАЭден эвакуациялоо үчүн 3-майда жана 10-майда кошумча каттамдарды уюштуруу тууралуу алдын ала макулдашуу жетишилди.