Бүгүнкү күндө Москва облусу менен Москва шаарында 10 миңдей кыргызстандык жумушсуз жана акчасыз калышты. Бул тууралуу “Род” укук коргоо борбору “Миграцияны өнүктүрүү” кайрымдуулук фондуна шилтеме кылып жазып чыкты.

Мигранттар массалык түрдө ижара акысы төмөн жатаканага көчүп кетишти. Фонд 1,1 миңден ашуун мекендештерди гана колдой алды, ошондуктан уюмдун жетекчилиги Россиянын борборунда жана анын айланасындагы мекендештерге материалдык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылууга аргасыз болгон.

Россияда бүгүнкү күндө Кыргызстандын 700 миңден ашык жараны бар. Расмий эмес маалыматтарда 1 миллионго жакын адам болушу мүмкүн.

Булак: KyrgyzToday.kg