Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында өзгөчө абал режими учурунда милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен биргеликте коронавирус илдетин алдын алуу жана токтотуу максатында коплекстүү иш-чараларды аткарууда.

Балыкчы шаары аркылуу Чүй, Ысык-Көл жана Нарын областарына кетүүчү жол жайгашкандагына байланыштуу, Балыкчы-Нарын жана Балыкчы-Бишкек унаа жол аймактарында 2 санитардык-карантиндик пост орнотулган, анда күнү-түнү милиция кызматкерлери, райондук ӨКМ, медициналык кызматчылар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызмат өтөшүүдө. Балыкчы шаардык ИИБнин кызматкерлеринен тышкары “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун жана ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери да коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылды.

Ошондой эле, Балыкчы шаарынын аймагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү тургундардан жана аксакалдар сотунун мүчөөлөрүнөн куралган 4 фильтрациондук пост орнотулду. 13 маршрут аркылуу 3 кайгуул мобильдик топ уюштурулду. Шаардын көчөлөрүндө жарандарга коронавирус жугуштуу илдетин алдын алуу жана коопсуздук эрежелерин, санитардык коопсуздуктуу сактоо жана төмөнкү зарыл болгон чараларды аткаруу: — үйдөн керек болгон учурда гана чыгуусу, — бир жарым метрден кем эмес аралыкты сактоосу, — адамдардын чогулган жерлерден барбоосу. Посттордо кызмат өтөгөн жана кайгуул жүргүзүүгө тартылган милиция кызматкерлери керектүү болгон баардые жеке коопсуздук каражаттары, бет кап, коргонуучу кийимдер, кол кап жана антисептиктер менен камсыздалган. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери медициналык кызматчыларга вирусту жуктуруп алган жарандар менен катташкан адамдарды аныктоого жана андан ары анын текшерүүдөн өтүшүнө жардам көрсөтүшүүдө. Жарандардын карантиндик чараларды сактоосу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп турат.

ИИМдин басма сөз кызматы