Өлкө аймактарында 2020-жылдын 17-апрелине карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат

Бишкек шаары:

Бишкек шаары боюнча 23 177 муктаж үй-бүлөгө 99,65 т ун, 31,7  т макарон, 26 677 литр өсүмдүк майы, 26,6 т күрүч, 22,3т кумшекер, 1 т чай, 7,7 т буурчак, 3,3 т гречка, 6,1 т китлап, 402 кг эт, 250 банка коюлтулган сүт, 3418 кг картошка, 372 даана бульон берилди.   

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 2 812 584 сомду түздү.

Мындан тышкары, матрезерв фонду тарабынан 6000 үй-бүлөгө 300,0 т ун таркатылган.

Чүй облусундагы конуштарга («Ала-Арча», «ТЭЦ-2», «Жер Ынтымагы», «Селекционное», «Ак Ордо-2», «Ак Ордо-3», «Ак Жар», «Адилет») Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 70,0 т ун жана 8,4 т кумшекер таркатылды.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө да көрсөтүлдү. Алар: 60 440 бет кап, 1 045 литр антисептик, 50 даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдары (көп жолу колдонулуучу), 2 149 даана коргоо костюмдары (бир жолку), 7000 даана буткап (бахилы), 9500 даана шпатель.

Ош шаары:

Шаар боюнча 11667 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 190 т ун, 11 000 кг макарон,  11 000 л өсүмдүк майы, 5 200 кг күрүч, 4400 кг кумшекер, 808 кг эт, 40 750 кг картошка берилди.

Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 10712,1 миң сомду түздү. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  4,7 т хлор, 118514 даана беткап, 2615 л антисептик, 7903 даана коргоо костюмдары, 32430 даана кол каптар берилди.

Ош облусу:

Облус боюнча 62087 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 2 571 т 870 кг ун, 25 888 кг макарон,  90 875 л өсүмдүк майы, 36 396 кг күрүч, 10 781 кг кумшекер, 4816 кг эт, 31 700 кг картошка берилди.

Облуста чогулган  финансылык жардамдын жалпы суммасы 829 146 сомду түздү. 

Медициналык каражат түрүндө  12 560 т хлор, 237 598 даана беткап, 1540 л антисептик, 3339 даана коргоо костюмдары,  378 008 даана кол каптар берилди.

Чүй облусу

Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана демөөрчүлөр менен биргеликте 23681 үй-бүлөгө жардам берилди.

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 503,431т ун, 24592 кг макарон, 31574 литр өсүмдүк майы, 15544 кг күрүч, 25031 кг кумшекер, 3616 кг эт, 1370 кг таттуулар, 17498 картошка жана пияз таркатылды.

Ошондой эле, 6 баш кой жана 10 баш уй берилди.

Мындан тышкары, финансылык жардамдардын жалпы суммасы 348 500 (үч жүз кырк сегиз миң беш жүз) сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө: 34199,0 кг хлор, 113185 даана маска жана респираторлор, 2524 даана коргоо костюмдары, 62466 даана кол кап, 760 даана атайын көз айнек, 5389,7л антисептиктер, 93 даана тепловизор/термометр жана 14664 даана башка медициналык каражаттар таркатылды.

Жалал-Абад облусу:

Облус боюнча жардамга муктаж 55807 үй-бүлөгө жардам катары 58097,93 т ун, 20140 кг макарон, 40834 л өсүмдүк майы, 6756 кг күрүч, 6756 кг кумшекер, 2040,6 кг эт, 18771 кг картошка берилди.

Облуста чогулган  финансылык жардамдын жалпы суммасы  5647519 сомду түздү. 

Гуманитардык жардам катары медициналык каражат түрүндө  18714,5 тонна хлор, 291190 даана беткап, 9457 л антисептик, 4128 даана коргоо костюмдары, 25972 даана кол каптар берилди.

Мындан сырткары, Ноокен, Кочкор-Ата, Бүргөндү ооруканаларына 2 тез жардам унаасы жана жалпы суммасы 3 млн 500 миӊ сом жардам берилди. Ала-Бука районуна  210 т ун элге арзан баада сатылды. Ошондой эле, райондун элине 34 миӊ даана беткап таратылып берилди.

“Каз Минералз Бозымчак” ЖЧК тоо-кен ишканасы 11т ун, “Фулл  Голд Майнинг” ЖЧК тоо-кен ишканасы 25 т ун жана 25 миӊ даана бет кап жардам катары берилди. Жеке ишкер тарабынан 28 т ун жардамга муктаж үй-бүлөлөргө берилди.

Баткен облусу:

Облус боюнча муктаж 10649 үй-бүлөгө жардам катары 556,3 тонна ун, 15262 кг макарон,  27398 л өсүмдүк майы, 3366 кг күрүч, 3918 кг кумшекер, 1493 кг эт, 2765 кг картошка берилди.

Облуста  финансылык жардамдын жалпы суммасы 4 млн 216 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  5,9 т хлор, 93537 даана беткап, 1885 л антисептик, 1678 даана коргоо костюмдары, 12276 даана кол каптар берилди.

Ысык-Көл облусу:

Облустагы 17 миң 209 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 504 т 53 кг  ун, 24 т  310 кг макарон,  17 831л өсүмдүк майы, 8т 32кг күрүч,  9т 80 кг кумшекер, 1т 472,5 кг эт, 9т 45 кг картошка берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө   8271 кг, 71 миң 715 даана таблетка, 2320 литр хлор 102 миң 235 даана беткап, 3198 л антисептик, 2 миң 569 даана коргоо костюмдары, 165 миң 88 түгөй даана кол каптар берилди.

Демөөрчүлөр тарабынан 360 аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк берилди. Тоң районундагы жарандарга 800 даана медициналык маска, 1000 даана көп колдонулуучу медициналык маска, 20 өздүк коргонуучу костюм, 20 даана атайын көз айнек, 1000 даана кол кап, 250 л антисептик тапшырылды. Мындан  сырткары, Тоң районундагы 1200 үй-бүлөгө 1 млн 200 миң сомго азык-түлүк таркатылып берилди.

Нарын облусу:

Облус боюнча 9959  муктаж үй-бүлөгө жардам катары 495 т  ун, 11т 181 кг макарон, 18 517 л өсүмдүк майы, 3 т 210 кг күрүч, 4т 983 кг кумшекер, 968 кг эт, 360 кг чай берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  7т 805,5 кг  хлор, 121 миң 874 даана беткап, 2 куб 678,8 л антисептик, 16 миң 524  даана кол каптар берилди.

Талас облусу:

Облус боюнча 3188 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 232,2 т ун, 4185 кг макарон,  3306 л өсүмдүк майы, 5141 кг күрүч, 500 кг кумшекер, 800 кг эт, 100 даана чай берилди.

Облуста чогулган  финансылык жардамдын жалпы суммасы 6 млн 340 миң сомду түздү. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  6,7 т хлор 65180 даана беткап, 1403 л антисептик, 670 даана коргоо костюмдары, 3705 даана кол каптар берилди.

ОтветитьПереслать