“Манас” эл аралык аэропортунда 17-апрелде Стамбулдан келген чартердик рейсти тосуп алышты.

Баарынын коопсуздугу үчүн жүргүнчүлөр аба майдандын имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү.

Эми алар «Ак кеме» мейманканасында обсервацияда болушат. Мекенине жалпы 212 жаран алынып келинди.