Рамазан айында таравих намазы үйдөн окула турганын Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев эле кайрылып жатып билдирди.

«Өзгөчө абал режими чейин таравих намазы үйдө окулат. Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам орозо кармагандар ооз ачууну да үйдөн кылышат”, – деди муфтий.

Быйыл Рамазан айынын болжолдуу датасы 24-апрелде башталары айтылууда. Ушул аптада уламалар кеңеши онлайн жыйынга чогулуп, так датасын аныкташары буга чейин айтылган.

Кыргызстанда өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды.