Сауд Арабиясынан келген маалыматтан улам Өзбекстандын Дин иштери боюнча башкармалыгы коронавирустан илдетине байланыштуу, быйылкы ажылык сапар болбой турганын кабарлады.

Бул жылы ажылык сапарга барууну каалагандардын азыркы тизмеге алынгандар, эмдиги жылы ошол тизме менен жөнөтүлөрүн билдирди.

Эске салсак, айдын башында Сауд Арабиясынын ажы жана умра иштери боюнча министри Мухаммед Салех Бентан коронавируска байланыштуу жагдай жөнгө салынмайынча быйылкы ажылык зыяратка камынган жүз миңдеген мусулмандарды бул сапарга ашыкпай турууга чакырган.

Белгилүү болгондой бул жылы ажылык сапар 28-июлда башталып 2-августка чейин уланмак.