Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Кызыл-Кыя жана Кадамжай райондорундагы санитардык карантиндик көзөмөл постторунун жана  кошуна өлкөлөр менен чек арада жайгашкан чек ара көзөмөлдөп өткөрүү бекеттеринен кабар алды.

Өкүл постто турган кызматкерлердин иштөө тартиби, түзүлгөн шартын жеринде көрүп, мүчүлүштүктөргө жол бербөө зарылдыгын белгиледи. Анткени облустун коопсуздугу үчүн, коронавирус оорусунун жайылып кетүүсүнүн алдын алууда  посттордун туура, так жана белгиленген тартипте иш алып баруусу өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.  

Ал эми постто турган кызматкерлерге ыраазычылыгын айтып, алардын коргонуучу каражаттар, тамак аш менен камсыздоодо маселе болбой тургандыгын белгиледи.

Баткен облусунда 4 негизги 23 ички санитардык карантиндик көзөмөл посттору коюлган. Ал эми  элдик кошундар тарабынан 65 көзөмөл жайлары иштеп жатат.

Ал эми облустун кошуна өлкөлөр менен чек арасында 4 негизги автожол көзөмөл өткөрүү жайлары бар.

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы