Ухань бийлиги COVID-19 вирусу боюнча статистиканы кайра башынан  эсептеп чыгышты, натыйжада каза болгондордун саны 1290, ал эми вирус жуктургандардын саны 325 адамга көбөйгөн. Бул тууралуу шаар бийлиги билдирген.

Жума күнү эртең менен Кытай Эл Республикасынын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети статистика тууралуу жарыя кылган. Ага ылайык бүткүл эпидемия учурунда Ухань шаарында жалпы жолунан 50 008 адам оору жуктуруп, 2579 адам каза болгон. Ошентип, жалпы улуттук статистикадагы сандар дагы көбөйгөн. Тагыраак айтканда, коронавирустан каза болгондордун саны 4 632, ал эми оору жуктуруп алгандардын саны 82 692 адамды түзүп калган.

Кытай бийлиги муну эпидемия учурунда айрым бир медициналык мекемелердин оорунун таралышын алдын алуу жана контролдоо боюнча бирдиктүү маалымат системасына өз учурунда кошулуу мүмкүнчүлүктөрүнүн болбогондугу менен түшүндүргөн.