Бүгүн Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын инфекция бөлүмүнөн коронавирус илдетине кабылып, дарылануудан соң айыккан 14 бейтап үйлөрүнө чыгарылды.

Алардан 13ү Сузак районунун, ал эми бир оорулуу шаар тургуну. Акыркы алынган анализдерге ылайык ден соолугунун абалы жакшы экени аныкталган.

Кыргызстанда коронавирустун эң алгачкы учуру Жалал-Абад облусунун Сузак районунан чыккан. Эң алгачкы оору катталган бери бир ай өттү. Бүгүнкү күнгө алынган маалыматтарга караганда, өлкөдо коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 500гө чамалады.