Бүгүн үй-бүлөсүнө эле эмес социалдык тармактарга чуу салып, баласын уруп сабаган жарандын видеосу кызуу талкуу жаратты.

Биз окурмандардан сурамжылоо жүргүзүп, баланы кантип тарбиялоо керек деп суроо салдык.

Сурамжылоонун жыйынтыгында жогорку муун 10% жарандар, биз деле таяк жеп чоңойдук, баланы анча-мынча какыс кукус кылып туруу керек деген ойду айтса, 90% жарандар мыкаачылык, туура эмес баланы сүйүп, алдап тарбиялоо керек деген пикирин билдирди. Чамасы баланы урган адам өзү ур тепкиде чоңойсо керек, балага мындай мамиле жасап болобу деген ойлорун калтырган да бар.

Ал эми психолог адистерге суроо салып кайрылганда. «Бул жерде проблеманы кененирээк кароо керек, бул үй-бүлө менен баарлашып баарын тактоо керек. Балким баланын атасы ушундай таяк жеп чоңойсо керек. Мурун ушундай эле тарбиялаган балдарды. Азыр элдер мындай кылган туура эмес экенин түшүнүштү» деген. Бул окуя өтө тездик менен тарап, милиция кызматкерлери баласын урган жаранды кармап кетишкен.

Эске салсак буга чейин балдарга болгон зордук-зомбулук, күч колдонуп ыдык көрсөтүү өткөн жылы көп катталгандыктан президент Сооронбай Жээнбеков бул жылды балдарды коргоо жылы деп жарыялаган.