Твиттер социалдык тармагында Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетованын “көп балалуу үй-бүлөлөрдү көргүм келбейт” деген билдирүүсүн коомчулуктун талкуусуна кабылды.
Маалыматта жардамга муктаж үй-бүлөнүн жардам сурап кайрылганын байкоого болот.
Буга байланыштуу Алмамбетова бул билдирүүсү көп балалуу үй-бүлөлөргө эмес, жеке өзүнүн үй-бүлөсү тууралуу жазганын айтып чыкты.
” Мен жеке үй бүлөм жөнүндө жаздым. Ким бирөө өзүнө алса – кечирим сураймын. Көп бала – ырыс алып келет. Согуш бүтүп эл журт аман болсун❤️ теңирим колдосун ар бир адамды🙏 “-деген ал.
Анын буга чейин да ЖК депутатынын билдирүүсүнө каршы одоно сөздөр менен жазган билдирүүсү жарыяланып, кайчы пикирлерди жараткан.