Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начар экенин айтып анын адвокаты Замирбек Жоошев кайрылуу жасады.

«Менин коргоочумдун абалы азыр эле эмес өткөн жылдын сентябрынан бери жакшы эмес. Жанына конвоир коюп, СИЗОдон тышкары дарыласа жакшы болмок» — деген оюн билдирди адвокат.

Ал эми бул кайрылууну УКМКнын пресс кызматы Атамбаевдин абалы канааттандырарлык экенин айтып, ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын билдирди.