Латын Американын Аргентина, Колумбия жана Мексика өлкөлөрүндө медицина кызматкерлерин кээ бир адамдар «вирус жайылтуучулар» деп күнөөлөп, коомдук жайлардан, транспорттон кубалаган, ал тургай ур-токмокко алган учурлар кездешүүдө.

Алардын бирөөсү Марко Веласкес дарыгер экенин жашырып жүрүүгө аргасыз болуп жатканын билдирди. Анткени, анын эки кесиптешин метродон түртүп чыгарып коюшкан. Колумбияда да дарыгерди үй-бүлөсү менен батирден чыгарып коюшкан.

Ал эми аргентиналык медиктер коңшулары аларга лифтти колдонууга уруксат бербей коюшканын айтып чыгышкан.

Мындай абалга кабылган медицина кызматкерлерине бийлик өкүлдөрү аларды коргоого алып, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзөөрүн билдиришкен.