БУУнун Африка өлкөлөрү боюнча Экономикалык комиссиясынын баяндамасы боюнча аталган өлкөнүн бери дегенде 300 миңден тартып 3,3 млн жашоочусу жаңы коронавирустан каза болот.

Текстте каза болгондордун саны вирустун жайылышын токтотуу үчүн  «кийлигишүүлөр боюнча кабыл алынган чараларга» көз каранды экендиги айтылган. Эгерде мындай чаралар өз убагында кабыл алынса бери дегенде 122,8 миллион адамга ооруп жугуп,  2,3 млн адам ооруканага жаткырылышы  мүмкүн. Ал эми вирусту ооздуктоо боюнча кандайдыр бир аракеттер көрүлбөсө, дээрлик бүтүндөй континент ооруга чалдыгуусу ыктымал. Бул – 1,22 миллиард адам. Мындай шартта 22,5 миллион адам ооруканага жатат.

БУУнун адистеринин айтуусу боюнча Түндүк региондорундагы өлкөлөрдү эске албаганда, Африканын шаар тургундарынын дээрлик 56% калк өтө жыш жайгашкан жана санитардык шарттары өтө начар конуштарда жашашат. Мунун өзү оорунун өтө тездик менен жайлышына шарт түзүүсү мүмкүн.