Европанын эң түндүгүндө жайгашкан Исландия өлкөсүнүн чыгышындагы Халлормсстадур токой чарбасынын токойчулары, пандемия учурунда жарандарга токойго бат-баттан баргыла да, бак кучактагыла,  деп кеңеш беришүүдө. Бул туурасында 16-апрелде Iceland Review  порталы жазып чыкты.

Токойчулардын айтканына караганда бакты кучактоо адамдын көңүлүн гана көтөрбөстөн, «күч-кубат берет жана бир күн кече адам өзүн жеңил сезет».

Токойчулар бакты беш минутттан кем эмес кучакташ керек, болгондо да бүт денең уңсуна толук  тийиши абзел дешет.

Рейнджерлер (атчан полицейскийлер) токойдун ичин аралыгы эки метрден интервалдарга бөлүп коюшту, келгендер бири-бирине жакын турбай, демек илдет жузугуп алам деп чочулабай табиятка суктанышсын дешип.  

«Бирок, трассадан алыс, токойдун тереңиндеги, башка бирөөлөр тейбеген гана бакты кучакташ керек» деп кеңеш беришти.

Эскерте кетсек, бак кучактап энергия алуу дендротерапия (бак менен дарылоо) деп аталат. Бул туурасында дүйнөнүн башка элдериндей эле биздин кыргыздар да мурдатан эле соп-сонун билишкен. Төмөнкү видео буга мисал.

https://www.youtube.com/watch?v=eV9KEcp14I4&feature=emb_logo