Марк Цукерберг өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына кызматкерлеринин үйдөн чыкпай иштөөсү үчүн колдон келген максималдуу мүмкүнчүлүк түзүп берээрин жазып калтырган.

Дүйнөдө болуп жаткан пандемияга байланыштуу Фейсбук компаниясы алдыдагы бир жылдык планын өзгөрттү. Мындан ары айрым кызматкерлер майдын соңуна чейин үйдөн иштесе болот. Эгер кызматкердин балдары же жардамга муктаж жакындары болсо жайдын соңуна чейин үйдөн иштөөгө уруксат берилген.

Ошондой эле компания киши топтоло турган иш чараларды июнь айынын соңуна чейин жылдырды. Ал эми компания кызматкерлери кызматына байланыштуу чет жерге чыгуусуна июнь айына чейин тыюу салынган.

Эске салсак, буга чейин Фейсбук компаниясы 17-мартта пандемияга каршы күрөшүүгө ар бир кызматкерине 1000 доллардан компенсация төлөп берээрин жарыя кылган. Мындай жол менен компания өзүнүн кызматкерлерине мотивация берүү менен үйдөн иштеп жаткандарга кошумча колдоо көрсөткөн.