Орозо 24-апрелде баштала турганын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтият мындай тыянакка эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбасын пайдалануу менен, ошондой эле коңшу Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнүн Дин башкармалыктары менен кеңешкенден кийин келген.   

Буга чейин муфтий элге кайрылып, Рамазан айы краантин убагына туш келгендиктен, жарандарды үйдө ооз ачууга жана таравих намазын үйдө окууга чакырган.