Депутат Эльвира Сурабалдиева Чүй областынын Сокулук районундагы дотациялык айыл өкмөттөрдө жашаган жарандарга 14 тонна ун таратып, жардам берди. Карантин башталгандан бери аталган райондун дарыгерлерине беткап бөлүнүп, нөөмөттүк унаа дайындалган.

«Оор кырдаалда жардам алган адамдардын сүрөтүн жарыялабасак. Бул менин сунушум», — дейт депутат.  Мындай пикирин эл өкүлү, — «Бүгүн бар, эртең жок, оомалуу — төкмөлүү заман дегенди билип, эртеңки күнү сенин сүрөтүңдү жарыяласа сүйүнөөр белең? Баарына чыдап жүргөн, намыскөй калкыбызды 30 жылда ушундай абалга жеткирген мамлекетте күнөө, ошондуктан бийликте отургандарга, бизге, мактана турган иш эмес. Бул илдеттен аман — эсен чыксак экен», — деп улантты.

Депутат бул жолку жолугушууда  Күн-Туу айыл өкмөтүндөгү жаштардын курч суроолоруна жооп берди. Орок айылында да эл чогулуп, коронавирус, пенсия, кредиттер, билим берүүдөгү жалпы кырдаал боюнча маселе көтөрүштү. 

«Айылдардын постторунда машинабыз дезинфекцияланып, жарандар менен таза абада маектешкенге жетиштик. Карантинде күнүмдүк оокат менен жанын багып жүргөндөр абдан кыйналды, мамлекет багып албаса, ишке чыгууга уруксат берүүнү суранышты. Аны парламенттин келе жаткан жыйынында баардык эле депутаттар айтышаар», — дейт Э.Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы