Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында комендатуранын алдындагы “Бирге жеңебиз” урааны менен атайын штаб ачылды.

Бул штабды ачуунун максаты аз камсыз болгон үй-бүлө катары мамлекеттик тизмеге кирбей калгандарды да унатта калтырбоо, материалдык жардамдын бир адамга кайталанып берилүүсүнүн алдын алуу жана чыныгы муктаждарга колдоо көрсөтүү.
Ошондой эле колунда бар, муктаж үй-бүлөлөр үчүн жардам колун сунгандардын башын бириктирип, алар тараптан берилген кийимдерди, азык-түлүктөрдү ж.б. каражаттарды кабыл алып, аларды керектүү даректерге жеткирүү болуп саналат.
Бүгүн 17-апрелде бул штабдын өкүлдөрү менен Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков жолугушуп, комендатуранын байланыш номерлерине жардам сурап кайрылып жатышкан инсандардын даректерин тактап, керектүү азык-түлүктөрдү ыкчам жеткирип туруу керектигин белгиледи.


Жолугушуудан соң Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жардамга муктаж болгондорго бүгүндөн баштап азык-түлүктөр даректерге жеткириле баштады.

Белгилей кетүүчү жагдай, комендатуранан алдындагы “Бирге жеңебиз” штабы Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү тактап жатат.

Муктаждык жаралса төмөндөгү телефондорго кайрылсаңыздар болот: – Жалал-Абад шаары боюнча 0701 11-70-32, Сузак району боюнча 0701 11-70-30
Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы