Салтка айланып жыл сайын өткөрүлүүчү Лейлек поэзия күнүнүн 30 жылдыгына карата бүгүн 17-апрелде районубуздун чыгармачыл инсандары Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, райондук карыялар кеңешинин төрагасы Мажит Жороев, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун Баткен областы боюнча төрагасы, акын Абдилаат Дооров, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, акын Атакул Жакыпов, Лейлек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, акындын иниси Имарали Жолдошевдер Коргон айылына барышып, өрүкзар акыны Курбаналы Сабыровдун кабырына барып эскеришип, куран окуп, гүл коюшту.
Курбаналы Сабыров тирүү болгондо ушул күнү 78 жашка чыкмак. Анын жаркын элесине арналып жыл сайын өткөрүлүүчу поэзия майрамы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу белгиленбей калды.

Лейлек поэзия кунунун уюштуруучусу Абдилаат Дооров сентябрь айында тил майрамы күнүнөо карата поэзия күнүн өткөрү ниетин эскерүү сөзүндө баса белгилеп өттү.

Маалымат, сүрөттөр фейсбук колдонуучу Буурайма Худайбердиева Абдилатовнанын баракчасынан алынды.