Ишкер Каныбек Туманбаев 4000 кап ун, 10 тонна май жана 10 миӊ бет кап жардам жөнөттү.

Бул тууралуу райондогу жардам алгандар кабарлады. Маалыматка ылайык, ишкер өзү туулуп өскөн районуна 4000 кап ун, 10 тонна өсүмдүк майын, 10 000 медициналык бет кап жана тийешелүү кызматкерлерге спец кийимдерди жеткирген.

Мындан тышкары 12 айыл өкмөттүн ар бирине 100 000 сомдон, жалпы эсеби 1 200 000 сом акчалай каражатын бөлдү.

Көрсөтүлгөн жардамдар боюнча райондун акими Ыманберди Досбаев төмөнкүлөрдү билдирди: “Каныбек Туманбаев тарабынан бизге жиберилген 3000 кап ун, 6 тонна өсүмдүк майын кечээ алдык. Буга чейин дагы 1000 кап ун, 4 тонна өсүмдүк майын 10 000 медициналык бет кап жана спец кийимдерди берген болчу” — дейт ал.

Эл жардамга муктаж болуп турганда келген көмөктүн маанилүү экенин белгилеген район жетекчиси: “Уулду чоӊойткон элдин, ага-туугандын бактысы ушул. Кыйынчылык болгон мезгилде келип, белегин берип, жакшы сөзүн айтып кетсе дагы бул чоӊ дөөлөт. Бүгүнкү келген көмөктүн өзү Аксы эли үчүн насип болот, көп жакшы иштин башталышы болот.

Каныбек Туманбаев буга чейин дагы районго кошкон салымы чоӊ. Бала-бакчаларды куруп, жол оӊдоп, спорт аянтчаларын салып берген.

Социалдык турмуштун жакшырышына кошкон салымы зор” — дейт ал. Каныбек Туманбаев Аксы районуна жиберген жардамдан тышкары, COVID-19 илдети менен күрөшүүгө мамлекет тарабынан ачылган атайын эсеп-счетуна дагы 1 000 000 сом акчалай жардам которгон.