Урматтуу мекендештер, мына эл карантин деп үйдө жатканына бир ай болуп калды. Туура, азыркы оор абалда ашыкча сөз жазсаң эле, акылдуулар чыгып жеке оюнду бурмалап сын таккандар дагы толтура. Бирок, ар ким өз деңгээлине жараша жазышат жана ой жүгүртүушөт экен, андайларга маани деле бербеймин. Эми туугандар, коронавирус деп эле унчукпай кою дагы туура эмес экен деп ойлоймун. Акыркы убактарда чек ара маселеси унутулуп калды. Жакында эле интернетте, биздин жерлерде тажиктин солдаттары ээн эркин басып жүрүшөт деген видео тарады эле.

Ошол маселе эмне болду бийлик тараптан үн катып койгон бирөө жарым болдубу? Чек ара маселесин эмне үчүн жазып жатам, карантин башталаардан мурун мен канча жолу какшап жаздым эле, эң биринчи чек араны жабалы анан ички маселелерибиз менен күрөшөлү деп,бирок биздин жазгандарыбызды ким укмак эле.

 Ушул пандемиянын алдын алып убагында чек араны жаап, сырттан келген адамдарды карантинге жаткарып көзөмөл кылышканда, балким бизге бул ооруу келбейт беле деген ой кетет экен.

Эми болсо бири бирибизди күнөөлөп ал кетсин,бул келсин деп ызы чуу болуп жатабыз. Ой туугандар азыркы оор абалда орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт деген ойдомун. Туура кемчиликтер толтура, бирок сасыган бир система үчүн бир эки кишилерди кайра кайра жумуштан алып койгондун зарылчылыгы барбы? Мен какшап келем күнөө бир же эки адамда эмес, күнөө системада деп.

Мага койсо Өкмөт баш болуп, парламент дөш болуп баары кетишпейби. Бул системаны өзгөртүүнүн бир эле жолу бар. Системаны өзгөртөлү десек, анда баарыбыз ички дүйнөбүзгө көңүл буруп пейилибизди оңдойлу.

Ар ким өз укугун билип, ачка калсак дагы шайлоолордо арам акчага алданбай, адал тандоо кылалы.

Мына ошондо оңолуу жолуна түшөбүз. Ошондуктан азыркы оор абалда саясат кылбай баарыбыз тынч, үйдө отуруп туралы. Бул күндөр дагы өтөт, баары өз нугуна түшөт, аз калды чыдап койолу.

П.С. КОРОНАВИРУС ДЕП ЧЕК АРАБЫЗДЫ УНУТУП КОЙБОЙЛУ. ЧЕК АРАБЫЗ БЕКЕМ БОЛГОНДО ГАНА МЕКЕНИБИЗДЕ ТЫНЧТЫК ӨКҮМ СҮРӨӨРҮН УНУТПАЙЛЫ.